БАРСКОН суусу

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРСКОН – Жети-Өгүз р-нундагы суу. Уз. 62 км, алабынын аянты 352 км2. Тескей Ала-Тоонун орто бөлүгүндөгү Сарала-Таш ашуусунан (бийикт. 3684 м)

Барскон суусунун ортоӊку агымы.

башталып, Ысык-Көлгө куят. Жалпы уз. 100 кмге жеткен 49 куймасы бар. Ирилери: Дүӊгүрөмө, Шаркырак, Ат-Жайлоо, Жаӊы-Коргон, Кереге-Таш ж. б. Алабында жалпы аянты 0,48 км2 келген 9 көл, кооз шаркыратмалар бар. Алабынын жалпы аянтынын 10%ин мөӊгү ээлейт. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 4,07 м3/сек; эӊ көбү 55,8 м3/сек, эӊ азы 0,11 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Барскон кыш. жайгашкан.