БАРСКОН КАПЧЫГАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРСКОН КАПЧЫГАЙЫ – Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы ири капчыгайлардын бири. Тескей Ала-Тоонун суу бөлгүч тилкесинен Ысык-Көлдүн түш. жээгине чейин 60 км аралыкта созулуп жатат. Деӊиз деӊг. 1608–3500 м бийиктикте. Капталдары тик (60–70°ка чейин) ж-а бийик (2 кмге чейин); таманы төр жагында кууш (150–300 м). Генезистик тиби б-ча көп бөлүгү кууш эрозиялык капчыгай, жогорку жагы төр тибинде. Капчыгайда протерозой ж-а палеозойдун кристаллдык тектери (гранит, сланец, гранит-диорит ж. б.), тоо этектеринде неоген м-н төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө тектери, төмөнкү бөлүгүндө көл жээгиндеги аллювий-пролювий чөкмөлөрү таралган. Рельефи б-ча үч бөлүктөн турат. Жогорку бөлүгү бийик тоолуу аймакка туура келет; байыркы ж-а азыркы мөӊгүлөр өөрчүгөн; төр, тепши сымал өрөөндөр, аска ж. б. морфоскульптуралар мүнөздүү; ортонку бөлүгү орто бийиктиктеги ж-а жапыз тоолор зонасында; эрозия-денудациялык морфоскульптуралар негизинен тереӊ капчыгайлар (1 кмге чейин куюлма шагылдар ж. б.) мүнөздүү; кооз шаркыратмалар бар; төмөнкү бөлүгү көл жээгиндеги түздүккө туура келет (капчыгайдын оозунан көлгө чейин); аллювий, пролювий шиленди

Барскон капчыгайынын борбордук бөлүгү.

конусу ээлейт; дарыя нугунун түбү жайык (500–600 мге чейин), капталдары тик. Капчыгай аркылуу Барскон суусу агып өтөт. Климаты мелүүн континенттик; кышы суук, жайы салкын, январдын орт. темп-расы –5...–8°С, июлдуку 12–17°С. Жылдык жаан-чачыны 350–600 мм. Капчыгайда жалпы аянты 0,48 км2ге жеткен чакан көлдөр бар. Көл жээгиндеги түздүккө кургак талаа, тоо этегине шалбаалуу талаа, орто бийиктиктеги тоолорго карагай-бадалдуу токой, бийик тоолуу бөлүгүнө субальп, альп шалбаасы ж-а бийик тоолуу субнивалдык ландшафттар мүнөздүү. Токой чарбасы бар. Жайкы ж-а кышкы жайыт үчүн пайдаланылат. Капчыгай аркылуу Жогорку Нарын, Ак-Шыйрак сырттарына ж-а Кум-Төр алтын кенине баруучу автомобиль жолу өтөт.