БАРСКОН ШАРКЫРАТМАСЫ
БАРСКОН ШАРКЫРАТМАСЫ Ысык-Көл өрөөнүндө. Барскон суусунун алабында. Барскон өрөөнүнүн батыш капталынан агып түшкөн Шаркырак суусунун ортонку агымындагы карбон мезгилинин сланец тоо тегинен түзүлгөн тик кашаттан агып түшүп, диаметри 10–15 мге чейин фонтан сымал чачырайт. Айланасында карагай токою, чытырман бадалдар (четин, тал, ит мурун, шилби, сары жыгач ж. б.), жапалак арча өсөт. Бийикт. 24 м. Чоӊ шаркыратмадан 150 м төмөн, бийикт. 12 м келген кашатта 2-шаркыратма пайда болгон. Б. ш. – туристтер үчүн эс алуучу жай. Анда 1962-ж. дүйнөнүн туӊгуч космонавты Ю. А. Гагарин болгон.
