КӨГАРТ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:41, 16 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨГАРТ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Жалал-Абад шаарынан 8 км түндүк-чыгыш тарапта, Көгарт суусунун кашатын­да, деңиз деңгээлинен 900 м бийикте жайгашкан. 1967–68-жылдарда Түндүк Кыргыз экспедициясы чалгындаган. Аймагы антропоген мезгилинде пайда болгон ал­лювий чөкмөлөрүнөн турат. Алар кургак сайда кум-шагылдуу, кой таштуу тектирди, кашат­чаларды түзөт. Петрогр. ж-а гранулометриялык курамы ар түрдүү. Катуу, бекем кварцтуу кум­дуктар м-н кремнийлер (80%), жеңил талкала­нуучу сланецтер м-н алевролиттер (4%) ж-а аки­таш, доломит ж. б. (25%ке чейин) кезигет. Шагыл (40 ммден кесеги) 45%, кум 15,8%ке чейин, чаң 12%, органикалык калдык м-н слюда жокко эсе. Кум ири бүртүктүү, чоңдук модулу 2,5–3,1. Запасы А+В категориясы боюнча 6559 миң м3, С – 7970 миң м3. Кенди пайдалануу үчүн аны тал­калап, шагылга, кумга айландыруу талап кы­лынат. Жуулган кум жөнөкөй бетондорго, ал эми шагыл «300», «400» маркасындагы бетон даярдоого жарамдуу. Кен Жалал-Абад шаарындагы бетон заводунда пайдаланылат.