КӨГАРТ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:49, 16 Июнь (Кулжа) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨГАРТ ӨРӨӨНҮ Сузак районунун аймагында. Фергана тоо тизмегинин түндүк-батыш капталы­нан Кара-Дарыя өрөөнүнө чейин 80 кмге созу­луп жатат. Туурасы 20 км. Таманынын абсолюттук би­йиктиги 700–2000 м. Жогорку тоолуу бөлүгү Фер­гана тоо тизмегинин негизги суу бөлгүчү ж-а анын айрыктары м-н чектелген бир нече өрөөн, капчыгайларга (Жошо, Орток, Кара-Алма, Үрүм­башы, Кызыл-Суу ж. б.) бөлүнүп кетет. Төмөнкү түзөң бөлүгү (узундугу 55 км) жайык (таманынын туурасы 6–8 км). Жалпы эңкейиштиги 5°–1°.


Көгарт суусу.

Түш.-чыгыш тарабынан Серүүн-Дөбө, Айып-Тоо (бийиктиги 1300–2400 м), түндүк-батышынан Чаң­гыр-Таш (1300–1800 м) тоолору м-н чектешет.
Тектоникалык жактан Көгарт өрөөнү – аллювий чөкмө тектери толгон кеңдик б-ча жаткан синклиналь. Чөкмө­лөрдүн эң калың катмары Жалал-Абад шаарына жакын жатат. Адырлар негизинен неоген мез­гилинин конгломерат, мергелдүү чопо, тоолуу бөлүгү юранын чополуу сланец тектеринен ту­рат. Айрым жеринде (Серүүн-Дөбө) палеозойдун акиташ, сланец тектери кездешет. Климаты мелүүн континенттик, тоо тарабында мелүү­нүрөөк. Түздүгүндө январдын орточо температурасы – 4,3°С, июлдуку 25°С. Абсолюттук максимум 41,1°С; абсолюттук минимум –28°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 468–900 мм. Сууларынын ириси – Көгарт суусу (орт. чыгымы 18,3 м3/сек). Жарым чөл ж-а кургак талаа (700–1000 м бийикте, боз топурактуу ке­лип, ак шыбак, эбелек, камгак ж. б. өсүмдүктөр өсөт), талаа (1000–1400 м; бозомук күрөң топу­рактуу, бадалдар, буудайык, кызыл от ж. б.), жаңгак-жемиштүү токой (1400–2400 м күрөң ж-а кара күрөң топурактуу), шалбаалуу талаа, субальп ж-а альп шалбаа ландшафттары мүнөз­дүү. Бийик бөлүгү аска-зоокалуу, шагыл таш­туу. Өрөөндө Жалал-Абад шаары, Сузак, Бек-Абад, Октябрь, Жийде ж. б. кыштактар жайгашкан.

Ад.: Ракитников А. Н. Сельскохозяйственные зоны Восточной Ферганы // Уч. зап. МГУ, 1939, вып. XXI; Рахманов Р. О. Зональности рельефа и рельефооб­разующих процессов на юго-западном склоне Ферганского хребта // Изв. АН Кирг. ССР, № 5, Ф., 1973; Атлас Киргизской ССР. М., 1987; Кыргыз жер­геси. Ф., 1990.