БАРТЕРДИК БҮТҮМ –
БАРТЕРДИК БҮТҮМ – бүтүмдүн түрү; товарлар ж-а кызмат көрсөтүүлөр башка товарларга ж-а кызмат көрсөтүүлөргө акча төлөмүсүз алмаштырылышы. Эл аралык маркетингде – бир же бир нече товардын (кызмат көрсөтүүнүн) белгилүү бир санын наркы (баасы) б-ча окшош башка бир товарга же кызмат көрсөтүүгө алмаштыруу б-ча экспорттук-импорттук операция. Бартер валюта каражаттарын тартпастан, тышкы соодада товарлар м-н кызмат көрсөтүүлөрдү түздөн-түз алмашууну жүргүзөт.