БАРУЗДИН
БАРУ́ЗДИН Юрий Дмитриевич (1926, Ленинград обл., Красный Холм кыш. – 1963, Фрунзе) – археолог; Ош обл-нун байыркы тарыхын изилдөө б-ча археол. экспедициялардын уюштуруучусу ж-а жетекчиси (1952–62). 1952-ж. Ленинград мамл. ун-тинин тарых ф-тин бүтүргөн. 1952–56-ж. Ош край таануу музейинин ил. кызматкери, 1957-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Тарых ин-тунун ил. кызматкери болуп иштеген. Алай ж-а Баткен аймагындагы археол. эстеликтерди изилдеген. Б. з. 1–5-к-на таандык Кара-Булак (Баткен р-ну) ж. б. көрүстөндөрдөн өтө сейрек кездешүүчү мумияланган сөөк коюлган бейиттер, кооздук буюмдар, курал-жарактар, жүндөн, жибектен токулган кездемелер табылган, о. эле Баткен аймагынын Ак-Дөбө кыш-нын жанынан ж-а Алай өрөөнүндөгү Кара-Бейиттен байыркы рун жазма эстеликтерин ачкан. «Кара-Булак бейити» (1954), «Кара-Булак бейитинен табылган колодон жасалган аялдын статуэткасы» (1961) ж. б. эмгектеринде археол. негиздүү маселелерди чагылдырган.
Д. Ф. Винник.