БАСКЕТБОЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСКЕТБО́Л (англ. basket – себет, тор ж-а bаll – топ) – командалык спорт оюну. Анын эрежесин Ж. Нейсмит (АКШ) иштеп чыккан. Б. уз. 26 м, туурасы 14 м болгон төрт бурчтуу аянтчанын эки жак четине орнотулган мамыга бекитилген тору бар калкандуу алкакка топту кол м-н ыргытып-түшүрүп ойнолот. Жерден калкандын алдыӊкы чегине чейин бийикт. 3,05 м. Оюнду ар биринде 5 оюнчусу бар 2 команда ойнойт. Оюн учурунда топту өнөгүнө берүүгө, жерге элеп жүрүүгө болот. Топту бут м-н тебүүгө, муштум м-н урууга, эки колдоп элөөгө, көтөрүп алып чуркоого болбойт. Эл аралык федерациясы 1932-ж. н е г и з д е л г е н . 1936-жылдан Олимпиялык

Баскетбол ойнолуучу аянт.

оюндардын, 1950-жылдан дүйнөлүк чемпионаттын программасына кирген. Кырг-нда оюн 1924-жылдан тарала баштаган. Анын өнүгүшүнө Москва, Ленинград (азыркы Санкт-Петербург) ш-нын адистери чоӊ салым кошкон. 1954-ж. бүткүл союздук аренага чыккан. 1971–85-ж. Кырг-н командасы СССРдин биринчилигине катышып, алдыӊкы орунду ээлеп келген. Б. б-ча А. Антипина – дүйнөнүн (1964, 1967), Е. Баранова – Европанын (1968), В. Петраков Олимпиялык оюндардын чемпиондору болгон. Респ-да балдардын 27 спорт мектебинде өздөштүрүлөт.