БАСМА ИШИ
БАСМА ИШИ – китеп, гезит, журнал, альманах, альбом, нота, жыл баян, буклет ж. б. басууга даярдоочу, басып чыгаруучу ж-а аларды керектөөчүлөргө жеткирүүнү уюштуруучу маданий-өндүрүштүк тармак. Чыгарган продукциясынын түрүнө карата китеп, гезит-журнал ж.б. басуу ж-а тандап алган багытына жараша илимий, окуу пед. куралдарды, көркөм ад-т, а. и. балдар адабияты, маалыматнама басылма басуу болуп бөлүнөт. Кол жазма түрүндөгү алгачкы басылмалар үчүн жыгачтын кабыгы, теринин бети пайдаланылган, кийинчерээк кагазга көчүрүлүп түшүрүлгөн. Китеп өнөрү м-н алектенген (көчүрмөчү, сүрөтчү, калыптоочу, нускоочу) адистер топтошуп, басма уюмун түзө баштаган. Жыгачтан оюлган калып м-н китепти көбөйтүп басуу жумуштары 8–9-к-да Кытайда ишке ашырылып, «Жакут сутра» аттуу алгачкы китеп басылган. Байыркы Египеттин (б. з. ч. 25-к.) папирус түргөктөрү китеп чыгаруунун алгачкы ж-а жөнөкөй үлгүсү болгон. Ал жазуу үчүн материал катары б. з. ч. 5-к-да Грекияга, кийин Римге өткөн. Биринчи эӊ жөнөкөй Б. и. 9-к-да калыптанып, ал тамгаларды жыгач тактайга оюлуп жасалган калыптардан кагазга көчүрүп түшүрүү жолу м-н башталган. Кийин чопо, коло ж. б. металлдардын аралашмасынан даярдалган куйма ариптер пайда болгон. 14-к-да куйма ариптерди пайдаланган басмаканалар пайда болгон. Ал эми Европада Б. и. 15-к-да башталган. Европадагы эӊ алгачкы Б. и-не немец ойлоп табуучусу Иоганн Гутенберг негиз салган. Ал 1445-ж. жыгачтан жөнөкөй басма станогун жасап, андан саатына 100 тамга терүү м-н, 42 саптан турган эӊ биринчи китеп – латын библиясын басып чыгаруу м-н, полиграфия өндүрүшүнө жол ачкан. Россияда биринчи басмакана 1564-ж. ачылган. Аны туӊгуч орус китеп чыгаруучулары Иван Фёдоров м-н Пётр Мстиславец башкарып, алгачкы орус китеби «Апостолду» басып чыгарган. 16–17-к-да Франция, Германия, Венеция, Нидерланд ж. б. Европа өлкөлөрүндө көптөгөн жеке менчик басмалар иштей баштаган. 18–19-к-да басма м-н басмакана иши биригип, китеп чыгаруу ыкчам өсүп, тамга ж-а сап куюучу терүү машиналары, тез басуучу басма аспаптары, фотоцинкография, фототерүү ж. б. ыкмалар ойлонуп табылган. Полиграфиялык машина куруу з-ддору, ондогон жаӊы басмаканалар ишке киргизилип, ил.-из. ж-а полиграфиялык окуу жайлары ачылган. Кыргыз тилиндеги эӊ алгачкы басылган тексттер 19-к-дын экинчи жарымында пайда болгон, 1861-ж. «Манас» эпосунун айрым бөлүмдөрү В. Радлов, Ч. Валиханов, Д. Алмаши тарабынан китеп тексти катары өзүнчө басып чыгарылган. И. Арабаевдин демилгеси м-н Молдо Кылычтын «Кысса Зилзаласы» (1911) Казань ш-ндагы басмаканадан жарык көргөн. 1885-ж. Лейпцигден басылган В. Радловдун «Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү» китебинде бир нече кошоктордун кыргызча тексттери берилген. И. Арабаев м-н Х. Сарсекеевдин кыргыз, казак балдары үчүн «Алип-бе жаки төтө окуу» аттуу туӊгуч окуу китеби (1911, Уфа), И. Арабаевдин «Жазуу өрнөктөрү»: сулуу жазуунун үлгүлөрү (1912, Оренбург), О. Сыдыковдун кыргыздын санжыра-тарыхы ж-дөгү «Муктасар тарых Кыргызия» (1913), «Тарых кыргыз Шадмания» (1914, Уфа) китептери жарык көргөн. Бул басылмалар кыргыз китеп басуу ишиндеги алгачкы кадамдар катары бааланат. 1924-ж. туӊгуч кыргыз алфавити түзүлүп, Түркстан эл агартуу комиссариатынын Кара кыргыз илим комиссиясынын чечими м-н И. Арабаевдин «Алиппе», К. Тыныстановдун 1-баскычтагы класстар үчүн «Окуу китеби» Ташкенттен басылып чыккан. Булар кыргыз элинин сабатсыздыгын жоюу максатында Совет доорунда жарык көргөн алгачкы окуу китептери катары тарыхка кирди ж-а китеп басып чыгаруу ишинин алгачкы тажрыйбасы катары бааланат. 1925-ж. Тоголок Молдонун «Насыят», К. Тыныстановдун «Касым ырларынын жыйнагы», Молдо Кылычтын «Буудайык», Боогачынын «Секетбай» ж. б. чыгармалары Москвадан жарык көргөн. Ушул эле жылы Россиядагы 1-революциянын 20 жылдыгына карата партиянын Кыргыз обл. к-тинин атайын тапшыруусу м-н К. Тыныстанов тарабынан кыргызчаланган «Өзгөрүш ырлары» аттуу ырлар жыйнагы басылган ж-а ал кыргыз жазма ад-т тарыхындагы 1-котормо басылма катары бааланат. К. Баялинов м-н З. Лилинанын «Ленин биздин окутуучубуз» аттуу ж-а Пишпектин басмаканасынан 8 китеп жарык көргөн. Москва, Ташкент, Пишпек ш-нан чыгарылган китептердин саны 30га жетип, алардын жалпы нускасы 100 миӊди түзгөн. Бул Кырг-ндагы Б. и-н уюштурууга ишенимдүү негиз түзүп, 1926-ж. 24-январда Кыргыз мамл. басма башкармалыгынын 1-жыйынында «Кыргызмамбас» негизделген. Алгачкы жылы 26 наамдагы китеп чыгарылып, жалпы нускасы 65 миӊ 700 болгон. 1925–26-ж. Негизинен көркөм адабият, окуу куралдары, саясый ж-а таалим-тарбиялык маанидеги басылмалар жарык көргөн. Бул чыгармалар элдин кат-сабатын ачууда, билим ж-а таалим-тарбия берүүдө, агартуу иштерин жүргүзүүдө баа жеткис акыл азыгы катары кызмат өтөгөн. Мындай басылмаларды чыгарууда Москванын китеп басмалары да маанилүү роль ойногон. 1926-ж. Февралда Москвада СССР элдеринин борб. Басмасында кыргыз бөлүмү түзүлүп, ал узак жылдар бою кыргыз китептерин чыгарып турган ж-а анда К. Баялинов, У. Абдукаимов, З. Бектенов, А. Токомбаев өӊдүү белгилүү адамдар эмгектенишкен. Кыргыз акындарынын Т. Жолдошев түзгөн «Кызыл гүл» аттуу ырлар жыйнагы 1927-ж. Москвадан 2 миӊ нускада жарык көргөн. Аталган жыйнакка С. Карачев, О. Ысабеков, Ш. Көкөнов, Б. Кененсариев, Б. Калпаков, К. Баялинов, А. Токомбаев ж. б. таланттуу акындардын ырлары кирген. Ал эми Кырг-ндын өзүндө 1927–28-ж. К. Тыныстановдун «Окуу-жазуу бил», «Эне тили», К. Карасаевдин «Сабат ачкыч» ж-а И. Арабаев м-н бирдикте чоӊдор үчүн «Жаӊылык» деген окуу китептери, А. Токомбаевдин «Ленин тууралуу» ырлар жыйнагы, К. Баялиновдун «Түлкү менен суур», «Чабалекей менен жылан» сыяктуу балдарга арналып жазылган китептери жаӊы латын ариби м-н басып чыгарылган. 1928–30-ж. китеп чыгаруу ишинин тех.-өндүрүштүк негизи кеӊейип, басылмаларды сапаттуу чыгаруу иши жолго коюлган. Кыргыз жазуучуларынын чыгармалары чет тилдерде да жарык көрө баштаган. Мис. К. Баялиновдун «Ажар» повести француз, англис ж-а немец тилдеринде жарык көргөн. 1934-ж. гезит-журнал басууга адистешкен «Кызыл Кыргызстан» басмасы түзүлүп, кийин ал «Ала-Тоо» (1964) басмасына айланган. Анда 1972-ж-га чейин Кырг-нда даярдалган бардык гезит-журналдар, кийин ад-т ж-а агартуу тармагын камтыган «Ала-Тоо», «Литературный Кыргызстан», «Ден соолук» журналдары, «Кыргызстан маданияты» жумалыгы, «Мугалимдер газетасы» сыяктуу гезит-журналдар басылып турган. «Кыргызмамбастан» адистешкен басмалар өсүп чыга баштаган, б. а. «Кыргызмамбастын» мектептер үчүн окуу китептерин, окуу куралдарын басмага даярдоочу бөлүмүнүн негизинде «Мектеп» басмасы түзүлгөн (1953). Ал мектептер ж-а мектепке чейинки мекемелер, орто ж-а жогорку окуу жайлары үчүн окуу китептерин, педагогдор үчүн методикалык басылмаларды, балдар ж-а өспүрүмдөр үчүн таалим-тарбиялык мүнөздөгү көркөм ад-т ж-а котормо китептерди чыгарып турган. Басып чыгарууга респ-дагы тажрыйбалуу методисттер, мыкты мугалимдер, жогорку окуу жайынын окутуучулары, илим ж-а басма кызматкерлери, сүрөтчүлөр катышып, окурмандардын татыктуу билим алуусуна салым кошушкан. 1964-ж. «Кыргызмамбас» саясий, социалдык-экон., өндүрүштүк-тех., ил.-популярдуу ж-а көркөм ад-ттарды чыгарууга адистештирилген «Кыргызстан» басмасы болуп кайра түзүлгөн. Респ-дагы ил. басылмаларды чыгарууну жакшыртуу максатында адистештирилген «Илим» басмасы негизделип (1955), анда Кырг-ндагы илимдин бардык багыттары б-ча Кыргыз ССР ИАнын ин-ттарынын ил. кеӊештери тарабынан басууга сунуш кылынган китептер жарыкка чыгып турган. 1968-ж. Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы түзүлгөн. 1976–82-ж. кыргыз тарыхында 1-жолку улуттук-универсал «Кыргыз Совет Энциклопедиясынын» 6 томдугу (алфавиттик негизде), орус ж-а кыргыз тилдеринде «Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы» аттуу ил. жалпылоо мүнөздөгү энциклопедиянын атайын бир томдугу жарык көргөн. 4 томдон турган «Советтик энциклопедиялык сөздүк», Х. Карасаевдин «Орфографиялык сөздүгү» ж-а бир катар предметтер б-ча терминдердин түшүндүрмө сөздүктөрү басылган. Эгемендикке ээ болгондон кийин «Манас» энциклопедиясынын эки томдугу (1995), «Кыргызча-орусча сөздүк», «Физика», «Химия», «Математика», «Айыл чарба» сыяктуу тармактык энциклопедиялар, Кырг-ндын облустарына ж-а Фрунзе ш-на арналган «Ош», «Ысык-Көл», «Чүй», «Талас», «Нарын», «Фрунзе» региондук энциклопедиялары чыгарылган. 1999-ж. 12-февралда Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясынын функциясын кеӊейтүү ж-а статусун көтөрүү, ошону м-н бирге кыргыз тилин өнүктүрүүнүн практикалык зарыл маселелерин чечүү максатында Кыргыз Респ-нын Президентинин алдындагы Мамл. тил б-ча улуттук комиссияга караштуу Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору болуп кайрадан түзүлүп, мамл. тилге түздөн-түз тиешелүү окуу куралдары, «Кыргыз темир жолу», «Кыргыз милициясы», «Жалал-Абад» сыяктуу тармактык, региондук энциклопедиялар, кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүктөр, илим тармактары б-ча терминдердин түшүндүрмө сөздүктөрү, «Кыргызстан» аттуу энциклопедиянын обзордук тому эки тилде (кыргызча орусча) басылып чыккан. Кырг-ндын Б. и-нин өнүгүшүндө ММКларынын, б. а. гезит-журналдардын чыгып туруусу да маанилүү болгон. Райондук, обл., респ-лык гезиттер чыгарылып, басмаканалары иштеген. 1983-ж. Кырг-нда 11 журнал, 69 гезит чыгып турган. 1989-ж. жалпы саны 114кө жеткен. 1988-ж. «Кыргызстан», «Мектеп» басмаларынын базасында адабий көркөм чыгармаларды, иск-во, ад-ттаануу ж-а сын багытындагы китептерди чыгаруучу «Адабият» басмасы уюшулган. Анда кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармалары, элдик оозеки ад-ттын үлгүлөрү, чыгармачыл жаштардын туӊгуч жыйнактары, альманахтар басылып турган. Бул басмалар кыргыз Б. и-н өнүктүрүүгө зор салым кошушкан. Рынок экономикасына өтүү м-н полиграфия өнөр жайынын түзүмүнүн өзгөрүшү басмалар м-н басмаканалар уюмдашып, акционердик коомдордун, о. эле жеке менчик басма ж-а басмаканалардын пайда болушун шарттады. «Кыргызполиграфкомбинат» АК китеп чыгарса, «Учкун», «Эркин-Тоо» сыяктуу АКтар гезит-журналдар м-н катар китеп чыгаруу ишин да колго алышкан. Учурда өз алдынча китеп, гезит-журнал, нота ж-а жарнама басылмаларын, буклет, плакат, конверт, календарь ж. б. басма продукцияларын чыгаруучу, өндүрүштүк кубаттуулугу чектелген жогорку технологиядагы полиграфиялык чакан ишканалар иштеп жатат.
Д. Андашев.