БАСМАЙЫЛ
БАСМАЙЫЛ – унаага ээр-токумду бекитүү үчүн курчалуучу тасма. Кайыштан кайыт (булгаарыга ак кайышты беттеп, чыйратылган тарамыш же кебез жип м-н кайыйт) ж-а өрмө («жылан боор өрүмү», «беш кашка өрүмү») аркылуу жасалат. Б-дын эки учунда жез, коло же темирден жаа сымал тогоосу, ага улаштырылган боосу, о. эле көрпөчө бастыргычы болот.