БАСМА СӨЗ КҮНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСМА СӨЗ КҮНҮ – журналисттердин кесиптик майрамы. 1912-ж. 5-майда «Правда» гезитинин 1-саны чыккан күндүн урматына СССРде дайыма белгиленген. Кийин эгемендикке жетишкен ар бир өлкө (КМШда) өз басма сөзүнүн пайда болуу тарыхына, мезгилине ылайык, ар башка күндө белгилөөгө өтүшкөн. Кыргыз Респ-нда Б. к. жыл сайын 7-ноябрда, б. а. алгачкы улуттук «Эркин тоо» гезитинин биринчи саны чыккан (1924) күнү майрамдалат.