БАСОВ Николай Геннадиевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́СОВ Николай Геннадиевич (14.12. 1922, Воронеж – 2001, Москва) – физик, кванттык радиофизиканы негиздөөчүлөрдүн бири, СССР ИАнын академиги (1966), Соц. Эмг. Баатыры (1969). Москва инж.-физика ин-тун бүткөн (1950). 1950-жылдан СССР ИАнын Физика интунда ил. кызматкер, ошол ин-ттун директорунун орун басары (1958), 1962-жылдан лабор. башчысы. Москва инж.-физика ин-тунун проф. (1963). «Природа» журналынын башкы редактору (1967). А. М. Прохоров м-н бирдикте кванттык системанын жардамы м-н электр-магниттик термелүүнү генерациялоочу жаӊы методду иштеп чыгып, мол. 1-генератор – мазерди
түзгөн. Б. 1-болуп оптикалык диапазондогу (лазер) кванттык генераторго жарым өткөргүчтөрдү колдонуу идеясын сунуш кылып, ар кандай типтеги жарым өткөргүчтүү лазерлерди түзүү методун өркүндөткөн. Лениндик (1959) ж-а Нобель (1964) сыйл. лауреаты. Ленин ордени м-н сыйланган.