БАСУУ
БАСУУ п о л и г р а ф и я д а – боёкту басуу формасынан кагаздын же башка материалдардын бетине түшүрүп, көп сандагы окшош нускаларды алуу процесси. Ал негизинен чыгыӊкы Б., оюӊку Б., тегиздиктен Б. деп бөлүнөт (к. схеманы). Ч ы г ы ӊ к ы Б-да форманын кагазга басыла турган элементтери жогорку тегиздикте, басылбай тургандары төмөнкү тегиздикте жайгашат. Формага сүйкөлгөн боёк анын бийик элементтерине жугуп, андан кагазга түшүрүлөт. О ю ӊ к у Б-да чыгыӊкы Б-га тескерисинче форманын кагазга түшө турган элементтери төмөн, басылбай турган элементтери жогору жагында жайгашат. Сүйкөлгөн боёк оюктарга толгондон кийин форманын бетин толугу форма сым-н жаап калат. Оюкка толгон боёктор кагазга сүрөт же тамга болуп түшөт. Көп сүрөттүү кооз журнал, альбом, портрет ж. б-ды Б-да бул ыкма кеӊири колдонулуп келген. Т е г и з д и к т е н Б-да форманын кагазга басыла ж-а басылбай турган элементтери бир тегиздикте жайгашат.

2 – кагаз; 3 – басуу цилиндри; 4 – боёк.
Атайын хим. иштетүүнүн натыйжасында Б. формасына боёк ж-а нымдаштыргыч суюктук сүйкөлөт. Боёк форманын басыла турган элементтерине (тамга, сүрөт), нымдагыч суюктук – элементсиз ак жерге сиӊет. Азыркы учурда Б-нун мына ушундай үч түрүнүн бирине кирген офсеттик Б., флексография, шелкография, ризография сыяктуу түрлөрү практикада кеӊири колдонулууда. О ф с е т т и к Б. – тегиздиктен басуунун бир түрү. Мында форманын кагазга басыла турган элементи (текст, сүрөт ж. б.) ортодогу бети ийкемдүү, чоюлгуч офсеттик цилиндрдин жардамы м-н ишке ашырылат.Бул Б-да майда элементтер даана чыгып, бүдөмүк өӊдөр жакшы көрүнөт да, жогорку сапаттагы продукция алынат. Ф л е к с о г р а ф и я – чыгыӊкы Б-нун бир түрү. Мында кагаз, картон, өзү желимделүүчү материал, металл фольгасы, плёнка түрүндөгү полимер материалдар, кездеме ж. б-га Б. мүмкүндүгү болот. Ш е л к о г р а ф и я д а басылуучу элемент боёкту атайын тордон (трафареттен) сыгып чыгаруу аркылуу түшүрүлөт. Мында даярдалган тордун басылуучу элементтин тушунда өтмө тешиктери болот. Б-нун бул түрү визитка, этикетка ж-а көрнөк-жарнак басып чыгарууда колдонулат. Р и з о г р а ф и я – атайын Б. машиналарында – дубликаторлордо колдонулуучу Б. ыкмасы. Ал бир жагынан офсеттик принципке (аралык офсеттик цилиндри болот), экинчи жагынан трафареттик ыкмага (боёк офсеттик цилиндрге тордун көзчөлөрүнөн өтөт) негизделген. Бул ыкманын артыкчылыгы – Б. процессинин ж-а аз нускада чыгарылган продукциянын өздүк наркынын арзандыгы, бирок көп түстүү Б-га жөндөмсүз. Б. процессинин алдында белгилүү даярдоо жумуштары аткарылат. Аларга: текстти ж-а иллюстрацияны даярдоо; басылманын макетин жасоо ж-а версткалоо (басылманы Б. формасына келтирүү); фотоформаларды чыгаруу; Б. формаларын даярдоо кирет. Азыркы учурда полигр. продукциянын оригинал-макетин даярдоонун бардык операциясын – фотосүрөт тартуу, иллюстрацияларды, оригинал-макетти констр-лоо, текстти терүү, версткалоо ж-а бет коюуну компьютер, атайы программа ж-а санарип техникасы аткарат. Формалар даярдалгандан кийин Б. процесси машиналарда ишке ашырылат. Полигр. продукция Б. машинасынан чыккандан кийин Б-нун жыйнактоо иштери аткарылат. Аларга: бүктөө (фальцовка), комплектөө (блокко чогултуу), бириктирип тигүү (зым жип же желим м-н чаптоо), из түшүрүү (тиснение), ламинациялоо, плёнка жабыштырып жылтыратуу, брошюралоо, форматка салып кесүү ж-а мукабалоо кирет. Булардын бардыгы атайы машиналарда аткарылат, к. Басуу машинасы.
Ад.: Александрова М. И., Шапиро И. Н. Печатные и брошюровочно-переплётные процессы. М., 1964 (Технологи полиграфического производства, кн. 2); Попрядухин П. А. Технология печатных процессов. М., 1969; Лапатухин В. С., Способы печати. М., 1976. Полянский Н. Н. Технология полиграфического производства, М.; 1992.
Ж. Жолдошева.