БАСЫМ (тик аракет эткен күч)
БАСЫМ – нерсенин бетинин аянтына тик аракет эткен күч,
S
F
P n = , мында Fn = F cos, F – күчтүн чоӊдугу, – бетке тургузулган тик сызык м-н күчтүн багытынын ортосундагы бурч, S – беттин аянты. Ал СИ системасында Паскаль (Па) бирдиги м-н ченелет: 1Па= 1H/м2. Иш жүзүндө башка бирдиктер да колдонулат: атмосфера (атм), 1атм=9,81·104Па; сым. мам. мм.=133,322 Па. Б-дын айрым түрлөрү: 1) Термодинамикалык Б. – белгилүү темп-рада газ молекулаларынын идиштин бетине жасаган аракети. 2) Статикалык Б. негизинен оордук күчүнүн жасаган аракети м-н аныкталат (мис., жер бетиндеги басым 1 атм болсо, ал эми анын борборундагы басым 350 ГПага барабар). 3) Динамикалык Б. – уруучу толкундардан пайда болгон басым (мис., жарылгыч зат жарылганда айланасында толкундар пайда болуп, темп-ра 10000° Кге, ал эми Б. 100 ГПага барабар болот). 4) Жарык Б-ы – жарыктын ургаалдуулугунан башка, беттин чагылуу жөндөмдүүлүгүнө жараша болот. Бирдей шартта жарыктын толук чагылдыруучу бетке жасаган Б-ы, жарыкты толук жутуучу бетке жасаган Б-нан эки эсе чоӊ болот.