БАСЫМ БОРБОРУ
БАСЫМ БОРБОРУ – суюктукта, газда кыймылдоочу же тынч абалдагы нерсеге аракеттенген теӊ аракеттенүүчү күч коюлган чекит. Б. б-нун абалы нерсенин формасына көз каранды, ал эми кыймылдагы нерседе кыймыл багытына ж-а курчаган чөйрөнүн касиетине жараша болот. Үн ылдамдыгынан тез ылдамдыкта учуучу самолётто абанын кысуусунан Б. б. куйругуна жылат. Кыймылдагы нерсенин (самолёт, ракета ж. б.) Б. б-нун абалынын өзгөрүшү анын кыймылынын туруктуулугуна таасирин тийгизет. Нерсенин кыймылы туруктуу болуш үчүн оордук борборуна аэродинамикалык күч таасир эткенде Б. б. мурунку абалына келет.