БАСЫМ МЕНЕН МУЗДАК ШИРЕТҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСЫМ МЕНЕН МУЗДАК ШИРЕТҮҮ – металлдын ширетилүүчү жерин басым күчү м-н пластикалык түргө айландырып, муздак иштетүү. Бул ширетүүнүн чекиттик, жаракалык, чыгырыктуу (роликтүү) ж-а жылчыктуу ширетүү ыкмалары бар. Ширетилүүчү буюмдун ширетилүүчү жери абдан тазаланып, анан бири бирине беттештирилет. Ширетүү процессинде зымдын ширетилүүчү жери кысуучу күчтүн таасиринде ысып, пластикалык түргө айланат да, муздагандан кийин биригип катып калат. Мындай ширетүү учурунда электр энергиясы сарп кылынбайт, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт, бириктирилген металлдардын сапаты өзгөрбөйт. Пластикалык касиети жогору алюминий, жез ж-а жез куймаларын басым күчү м-н муздак ширетүү келечектүү ыкмалардын бири болгондуктан, электр өнөржайында кеӊири колдонулууда.