БАСЫРЫЛУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСЫРЫЛУУ, т а п т а л у у – 1) м е т а л л и ш т е т ү ү д ө – сомдомонун бийиктигин кичирейтип, бир эле учурда анын туурасын чоӊойтуу үчүн басым астында пресс ж-а барскан м-н иштетүү процесси; 2) ш а х т а м е ш и н д е – металлургия мешинде эрүү бир калыпта эмес өткөндө (негизинен домна мешинде) шихта текзаттын (материалдын) жар сымал төмөн кулашы; 3) т о п у р а к т ы н Б-су – оордук күчү чоӊойгон сайын негиз бетинин (жерпайынын) тик багытта жылышуусу (кыймылга келүүсү). Адатта Б. убакыт б-ча бир калыпта болбойт. Пайдалануу шартына, курулуучу курулманын констр. өзгөчөлүгүнө карата Б. мүмкүн болгон чектик маанисинен ашпашы керек.