БАТАКАНОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТАКАНОВА Светлана Топчиевна (21.6. 1955-ж. т., Нарын ш.) – педагог, тилчи, адабиятчы-окумуштуу, педагогика илимд. доктору (2011), проф. (2014), КМУнун филология ф-тинин Кыргыз тил ж-а адабият бөлүмүн бүтүргөн (1977), КМУнун кыргыз тили ж-а адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын окутуучусу (1979–82), күндүзгү окуу бөлүмүнүн аспиранты (1982–85), К. И. Скрябин атн. УАУнун кыргыз, орус тилдер кафедрасынын башчысы (1992–2011), доцент (1993), 2006-жылдан К. И. Скрябин атн. КУАУнин Мамлекеттик тил ж-а тарбия иштери б-ча проректору. 2014-жылдан докторлук (кандидат) диссертацияларды жактоо б-ча кеңештин мүчөсү. Кыргыз Республикасынын элге билим берүү отличниги (2005).
Эмг.: Мектепте көркөм чыгармаларды талдоонун илимий-педагогикалык негиздери. Б., 2010; Драмалык чыгармаларды окутуунун технологиясы. Б., 2013; Манас таануучу-Калим Рахматуллин. Б., 2013; Адабиятты окутуунун усулдары менен ыкмалары. Б., 2013; Көркөм чыгармаларды окутуунун методикасы. Б., 2014. ж. б.