БАТАЛДЫК ЖАНР
БАТАЛДЫК ЖАНР (фр. bataille – салгылашуу) – аскердик тематикага арналган, негизинен согуш талаасын ж. б. согуш эпизоддорун сүрөттөгөн (көбүнчө живописте) көркөм сүрөт иск-восунун бир тармагы. Б. ж-ды тарыхый жанрдын өзгөчө бир бөлүгү катары да караса болот. Өзүнүн тарыхый өнүгүшүндө Б. ж. Аскердик кайратмандыкты даӊктоону өз милдети кылып алган. Байыркы Рим ж-а Байыркы

Мамлекеттик Третьяков галереясы. Москва
Чыгыш (айрыкча Ассирияда) көркөм сүрөт иск-восунда аллегориялык ж-а символдук мүнөздөгү согуштук чыгармалар кеӊири тараган ж-а алар сөзсүз баатыр кол башчы – жеӊүүчүнүн образы м-н байланыштуу болгон. О. кылымдагы көркөм сүрөт иск-восунда согуштук сценалар китептеги миниатюрада берилген ж-а негизинен о. кылымдын хроникаларында иллюстрация катары кездешет. Кайра жаралуу доорунун сүрөтчүлөрүн Б. ж-да биринчи кезекте анын драмалык жагын, айыгышкан кармаштын курчушун, салгылашуу эмоциясын сүрөттөп берүү кызыктырган (мис., Леонардо да Винчинин «Ангиаридеги салгылашуусу» классикалык үлгү катары эсептелет). Ошол эле учурда татаал ракурстарды окуп үйрөнүүгө, алардын мейкиндикте ж-а композициялык чечилишине өзгөчө көӊүл бурулуп, согуштун тарыхый-реалдуу кырдаалына азыраак көӊүл бурушкан. 17-к-дын ортосунан баштап чыныгы драматизмден толук ажыратылган согуш эпизоддорун ар кандай чагылдырган документ – хроникалык Б. ж. (мис., Голландияда Ф. Воувермандын сүрөттөрү) өнүгө баштаган. Наполеон согуштарынын доорун чагылдырган Б. ж. француз живописинде кеӊири өнүккөн (мис., Раффе, Гро, Шарле). Э. Делакруа м-н В. Суриковдун эмгектеринде Б. ж. жаӊы гуманисттик мазмунда өнүгө баштаган. 19-к-дын башынан Б. ж-да «кут учурган согуш кыйынчылыктары» темасы көбүрөөк орун ала баштаган. Мындай чыгармаларга Ф. Гойянын ж-а орус баталисти В. Верещагиндин, М. Грековдун эмгектери кирет.