БАТАТ
БАТА́Т (Ipomoea batatas), т а т т у у к а р т о ш к а – өсүмдүктөрдүн чырмооктор тукумундагы көп жылдык (эгилмеси көбүнчө бир жылдык) жашылча. Тропик ж-а субтропик өлкөлөрдө, негизги азык өсүмдүк катары байыртан эгилет. Эгилме түрү Борб. Америка, Мексикадан тараган. Сабагы узун (1–5 м), бир нерсеге жармашып өсөт, муунактарынан тамырлайт. Тамырында ар кандай формадагы ж-а түстөгү, крахмал м-н кантка бай, ири, салм. 200–500 г, кээде 10 кгга чейинки түймөк пайда болот. Андан акшак, ун тартылып, крахмал, спирт, кант даярдалат. Сабагы – тоют. Көбүнчө Индия, Индонезия, Япония, Филиппин а-нда, Африканын экватор өлкөлө-рүндө, Бразилия, АКШ, Испания ж-а Италияда эгилет.
