БАТИАЛЬ ЧӨКМӨЛӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТИА́ЛЬ ЧӨКМӨЛӨРҮ – океан ж-а деӊиз түбүндө 200 мден 2500 м тереӊдикке чейин пайда болуучу жашыл, кызыл, көгүш түстүү ылайлар. Арасында кээде кум м-н шагыл болот. Негизинен терриген (кургактыкта пайда болгон) материалдарынан турат. Б. з. ч. байыркы тоо тек катмарларында жокко эсе, көбүнчө палеоген м-н неоген чөкмөлөрүнүн арасында ж-а азыркы мезгилдеги океан м-н деӊиздердин түбүндө кездешет.