БАТИСФЕРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТИСФЕРА (гр. bathes – тереӊ ж-а sphfira – шар) – океанографиялык ж. б. суу астында изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кемеден зым аркан м-н суунун тереӊдигине түшүрүлүүчү шар формасындагы (болоттон жасалган) аппарат. Ал суу астында иштөөчү аппараттардан кийин пайда болгон. Б-ны биринчи жолу 1892-ж. итал. илимпоз Бальзамелло 165 м тереӊдикке түшүргөн. Б-нын экипажы (1–2 адам), ил.-из. аппараты, абаны кайра иштеп чыгаруучу системасы, телефону бар, металлдан жасалган, сфера түрүндөгү кеме. Алгачкы Б-ны өтө тереӊдикте изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн амер. зоолог Биб долбоорлогон. Анын диаметри 1,45 м, салмагы 2450 кг ж-а бекемделген терезелери орг. айнектен болгон. 1934-ж. долбоордун автору Биб ж-а Отис Бартон ошол Б-нын ичинде 923 м тереӊдикке түшүп рекорд коюшкан. 1948-ж. 1360 м тереӊдик изилденген. Б-нын капталга жылышы суу үстүндөгү кемеге байланган зым аркан м-н ишке ашырылат. 1950-ж. анын өркүндөтүлгөн түрү – гидростаттар өздөштүрүлгөн.