БАТКЕН шаары
БАТКЕН – Баткен обл-ндагы шаар (2002-жылдан); Баткен обл-нун ж-а р-нунун борбору. Алай кырка тоосунун этегинде деӊиз деӊг. 1055 км бийиктикте жайгашкан. 1896-ж. орношкон. Калкы 24,4 миӊ (2017). Шаарда негизинен кыргыздар (96,6%, 1999) жашайт. О. эле өзбек, тажик, түрктөр да бар. Тамак-аш комбинаты, «Заман» (май з-ду), «Агротехсервис» ж. б. ишканалар иштейт. Шаар аркылуу Исфана – Ош –
Бишкек автомобиль жолу өтөт. Баткен мамл. ун-ти, 2 орто мектеп, кесиптик-тех. окуу жайы, 2 бала бакча, китепканалар, оорукана, кургак учук диспансери, бейтапкана, санитария-эпидемиологиялык станция, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.
