БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ – Кырг-ндагы жогорку окуу жайы. Баткен ш-нда 2002-ж. уюшулган. 42 адистик б-ча 24 ф-т бар, а. и. педагог, инженер-технолог, экономист, юрист, энергетик, механик, айыл чарба ж. б. адистери даярдалат. Окуу мөөнөтү 5 жыл. Окутуу негизинен кыргыз, өзбек, тажик, орус ж-а англис тилинде жүргүзүлөт. Баткен обл-нун геогр. абалына байланыштуу ун-ттин структуралык бөлүмдөрү: Кызыл-Кыя ш-ндагы Кызыл-Кыя гуманитардык пед. ин-ту, Кызыл-Кыя технол. ж-а экон. ин-ту, Сүлүктү ш-ндагы Сүлүктү гуманитардык-экон. ин-ту, Сүлүктү пед. окуу жайы жайгашкан. Учурда ун-т илим ж-а техниканын өнүгүүсүнө карай атайын экон., тех., гуманитардык, экол. багыттагы ар кандай темалардын негизинде ил.-из. иштерин жүргүзөт.