БАТКЕН РАЙОНУ
БАТКЕН РАЙОНУ Баткен обл-нда. Район 1933-ж. уюшулган. Облустун борб. бөлүгүндө жайгашып, түндүгүнөн ж-а түштүгүнөн Тажикстан, батышынан Лейлек, чыгышынан Кадамжай р-ндору, түш.- чыгышынан Ош обл-нун Чоӊ Алай р-ну м-н чектешет. Райондун чыгышында Сох (Өзбекстан), борб. бөлүгүндө Ворух (Тажикстан) анклавдары бар. Аянты 6,2 миӊ км2 (Баткен обл-нун аймагынын 36,5%ин түзөт). Калкы 69,5 миӊ (2009). Район 9 айыл өкмөтүнө бөлүнгөн. Борбору – Баткен ш. Райондун аймагы Баткен өрөөнүн, түндүктөн түштүктү карай созулган чакан өрөөндөрдү, Сох,
Исфара капчыгайларын, Алай, Түркстан кырка тоолорунун түн. капталдарын ээлейт. Кен байлыктарынан көмүр, нефелиндүү сиенит, акиташ теги, курулуш материалдары казылып алынат; о. эле нефть, газ, сурьма, сымап кендери бар. Климаты континенттик. Кышы мелүүнсуук; январдын орт. темп-расы –4,1°Сден (өрөөндөрдө) –15°Сге чейин (тоолордо); жайы ысык, кургакчыл (июлдуку 10°Сден 29,2°Сге чейин). Жаан-чачындын жылдык орт. өлчөмү өрөөндөрдө 100–200 мм, тоолордо 300–450 мм. Табигый шарты тамеки м-н бакча өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ыӊгайлуу. Райондун аймагында сугат үчүн Төрткүл суусактагычы курулган. Ири суулары: Сох, Исфара ж. б. Тоо этектериндеги өрөөндөр ачык боз, тоо капталдары күӊүрт боз, боз-токой ж-а тоо шалбаа топурактуу. Тоо этегиндеги өрөөндөрдүн айдалбаган жерлеринде чөлдүү талаа өсүмдүктөрү (шыбак, тоо тикен ж. б.), суу бойлорунда тал, терек, бадалдар, тоолордун түн. капталдарында шыбак, эфемер-баялыштуу жарым чөл, айрым жерлеринде (1500–2700 м бийиктикте) бетегелүү ж-а бетеге-аккылкандуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. 2500 м бийиктиктен жогору арча, бадамдан турган токой кездешет, 3000 мден жогору субальп ж-а альп ландшафт алкактары мүнөздүү; алар жайытка пайдаланылат.
Райондо обл-тун калкынын 16,8% (2005) жашайт. Калкынын 99,2% кыргыздар. Эмгек жашына чейинкилер 46,4%ти, эмгек жашындагылар 46,7%, эмгек жашынан өткөндөр 6,9%ти түзөт. Орто эсеп м-н 1 км2ге 11,3 киши туура келет. Райондо 1 шаар ж-а 45 кыштак бар.
Баткен р-нунун экономикасынын негизин а. ч. түзөт. Айыл чарбанын негизги тармагы – багбанчылык ж-а кой чарбасы. Жалпы жер фондусу 615,2 миӊ га (2004), а. ч-га жарактуу жери 217,6 миӊ га (жеринин 35,4%). Айдоо аянты 14,6 миӊ га (анын 9,6 миӊ гасы сугат жер), бак-дарак өсүмдүктөр 3,9 миӊ га, жайыт 196,9 миӊ га. Дан эгиндери (6,3 миӊ га), күрүч (0,3 миӊ га), тамеки (0,5 миӊ га), май берүүчү өсүмдүктөр (1,1 миӊ га), жашылча (0,2 миӊ га) ж. б. өстүрүлөт (2004). Багбанчылык (3,8 миӊ га) ж-а жүзүмчүлүк (0,6 миӊ га) өнүккөн. Райондо бодо мал, кой, эчки, жылкы асыралат. үй куштары багылат. Район обл-та өндүрүлгөн дандын 20,9%ин, картошканын 18,6%ин, жашылчанын 8,9%ин, тамекинин 26,5%ин, жүзүмдүн 30,8%ин, эттин 24,6%ин, сүттүн 20,5%ин, жумуртканын 25,9%ин, жүндүн 18,9%ин берет (2003). Облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 37,1% Б. р-нунда даярдалат (2003). Анын негизин тамак-аш өнөр жайы түзөт. Ири ишканалары: «Төрткүл» ачык типтеги акционердик коому (ачытылган шарап, спирт чыгарат), Баткен тамак-аш комбинаты (нан, кондитер азыктары, минералдуу суу ж. б.), «Заман» жоопкерчилиги чектелген ишканасы (өсүмдүк майы) ж. б.

Райондун чегиндеги автомобиль жолунун жалпы уз. 370 км; а. и. 101 км эл аралык, 69 км мамл., 200 км жерг. мааниде. Анын аймагынан Баткен – Бишкек, Баткен – Ош автомобиль жолдору өтөт. 2005-ж. автомобиль транспорту м-н 105 миӊ т жүк ташылган. Райондо жалпы билим берүүчү 50 мектеп ж-а 2 бала бакча болгон. Райондун борборунда Баткен мамлекеттик университети иштейт. Улуттук госпиталь, 2 участкалык оорукана, учук диспансери, 23 ФАП, 10 үй-бүлөлүк-врачтар тобу ж. б. медициналык мекемелер иштейт.
А. Мырзаев.