БАТКЕН ЧЕК АРА ЖАӉЖАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТКЕН ЧЕЌ АРА ЖАӉЖАЛЫ – ар кошкон чет элдик террорчу топтордун айрым бөлүктөрүнүн КРдин мамл. чегин бузуп, басып кирүү аракеттери (1999–2000-жылдар). Баскынчыл аракет 1999-ж. 30-июлда Тажикстан м-н чектеш Баткен жергесинин «Жылуу-Суу» аймагында 70ке жакын куралчан адамдар пайда болгон. Алар Өзбекстанга таандык метеостанцияны, Кырг-ндын Кожашкан, Зардалы кыш-рын басып алып, Алтын жайлоодо кен чалгындап жүрүшкөн 4 япон геологун кыргыз тилмечи м-н туткундап кеткен. Дара, Кыштут, Кен айылдарын басып кирип, көп адамды барымтага алган. Баткен чек ара аймагы баскынчылардан жерг. калктан түзүлгөн элдик куралдуу топтор, чек ара аскерлери ж-а милиция кошуундарынын күчү м-н бошотулган.

Баткенде курман болгон жоокерлерге тургузулган эстелик.
Бишкек.