БАТРАКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТРАКТАР – айыл чарбасында жалданган жумушчулар, негизинен жакырданган дыйкандар. Алар кара күчүн сатып жан багышкан. Мал мүлкү, жери жок, айрымдарынын гана жарыбаган жери болгон. 20-к-дын башында Кырг-нда 20 миӊге жакын жумушчу-батрактар а. ч-нда иштеген. Кыргызда кедейлердин, малайлардын төмөндөгүдөй түрлөрү болгон: бай-манаптардын эгинин айдап, чөбүн өстүрүп, анын түшүмүн жыйнаган аштыкчы малай; коюн багып, кайтарган койчу малай, жылкычы малай ж.б. Совет бийлиги орногондон кийин 1927–28-ж. жер-суу реформасынын жүрүшүндө Б-га жер, мал берилген. Алардын кызыкчылыгын жактоо үчүн алгач «Кошчу» союзу (1920), кийин ал «Жарды-жалчы» уюму (1929) болуп кайра түзүлгөн. Коллективдештирүүнүн учурунда Б-тар колхоздорго, а. ч. артелдерине киришкен ж-а социалдык катмар катары жоюлган.
К. Дүйшөналиев.