БАТЫЙ
БАТЫЙ, Б а т у, С а и н х а н (1208) – монгол ханы. Жучунун экинчи баласы, Чынгыз хандын небереси. Атасы каза болгондон кийин Батый анын жерлерин ээлеп калат, кийин Чынгыз хан аны Жучу улусуна хан кылып дайындайт (1227). Россия ж-а Чыгыш Европага жасаган жүрүштүн уюштуруучуларынын бири (1236–41). Кыпчак талаасы м-н Русту каратып (1236), Чыгыш Европага жортуул жасайт. Чыгыш Европа (Польша, Чехия, Венгрия, Далмация) элдеринин ж-а тылдагы орус элинин каршылык көрсөтүүлөрү аны шашылыш чегинүүгө аргасыз кылган. 1241-ж. Үгөдөй хандын өлгөндүгүн угуп, Батышка жасаган жүрүшүн токтотот да, улуу ханды шайлоого катышуу үчүн Монголияга кайтып келет. 1243-ж. Б. Волганын төмөнкү агымында борбору Сарай-Бату болгон Алтын Ордо мамлекетин негиздейт. Анын аймагы Иртыштан Дунайга, Уралдын түштүгүнөн Түн. Кавказга чейин созулган. Б. Монгол империясындагы төӊкөрүшкө катышкан (1251) ж-а Муӊкенин улуу империяга хан болушуна чоӊ көмөк көрсөткөн.