ВАН-ДЕР-ВААЛЬС ТЕӉДЕМЕСИ
ВАН-ДЕР-ВА́АЛЬС ТЕӉДЕМЕСИ – реалдык газдын биринчи абал теӊдемелеринин бири. 1873-ж. Ваальс сунуш кылган. V-көлөмгө ж-а р басымга ээ, Т темп-радагы бир моль реалдык газдын абал тендемеси төмөнкүдөй: (р+а/V2)(V–b)=RT, мында R – универсалдык газ турактуулугу, а ж-а b – турактуу чоӊдуктар, b – өлчөмдөгү газдын молекулаларынын ээлеген көлөмдөрүнүн суммасына барабар чоӊдук. а/V2 молекулалардын өз ара тартышуулары м-н шартталган газдын ички басымы. Бул басым когезиялык (байланышкан, чиркелишкен) деп да аталат. Ички мол. басымдын (а/V2) сан мааниси заттын агрегаттык абалына көз каранды В.-д.-В. т. жогорку темп-рада ж-а төмөнкү басымда реалдык газдын касиеттерин сандык жактан болжолдуу, ал эми жогорку басымдагы газды, газдын суюктукка өтүшүн ж-а кризис абалды сапаттык жактан мүнөздөйт. Темп-ранын жогорулашы ж-а басымдын азайышы м-н В.-д.-В. т. идеалдык газ абал теӊдемесине өтөт, к. Клайперон теӊдемеси.