БАТЫШ БОРДУ МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТЫШ БОРДУ МӨӉГҮСҮ Тескей Ала-Тоонун түш. капталында. Үч-Көлдүн негизги курамы – Сары-Чат суусунун алабында жайгашкан. Уз. 6,7 км, аянты 7,1 км2, көлөмү 1,52 км3. Абляция обл-нун аянты 3,3 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 5280 км, этеги 3700 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4150 м. Фирн облусу Тескей Ала-Тоонун эӊ бийик чокусу – Караколдун түш.-батыш капталынан башталат. Жанаша жаткан үч цирктен куралат. Этеги морена м-н капталган. Мөӊгүдөн агып чыккан суу Сары-Чатка сол тараптан куят.