БАТЫШ САЯН
БАТЫШ САЯ́Н [монголчо саган – ак же сойон (азыркы тува) уруусунун атынан] – Түш. Сибирдеги тоо системасы, Краснояр крайы м-н Тува Респ-нда. Кичи Абакан д-нын жогорку агымынан Чыгыш Саянга ашташкан жерине (Казыр ж-а Уда д-нын башаттары тушка) чейин 600 кмге созулат. Түндүктө Минуса өрөөнүнө тик түшөт, түштүктө Тува өрөөнү м-н чектешет. Б. С. бүктөлүү структурасы түн.-чыгышка карай созулуп, синклиналдар м-н бөлүнгөн эки антиклинорийден турат. Коледон бүктөлүүсүндө көтөрүлгөн. Кен байлыктары: темир ж-а жез кобальт, никель, хром, коргошун, цинк, молибден, асбест. Б. С. дарыя өрөөндөрү м-н тилмеленген салыштырмалуу кууш ж-а арсак-терсек кырлуу кырка тоолор системасынан турат. Көбүнө орто бийик тоо рельефи мүнөздүү. Бийик тоо рельефине Саян кырка тоосунун суу бөлгүчү, Кызыл-Тайга массиви (бийикт. 3121 м, Б. С-дын эӊ бийик жери), о. эле Ергак кырка тоосу ж. б. кирет. Түштүгүндө тоо аралык өрөөндөр (Ус, Туран-Уюк) бар. Климаты кескин континенттик, кышы узак ж-а суук, жайы кыска ж-а салкын. Дарыялары Енисейдин алабына кирет; ирилери: Абакан, Кантегир, Алаш, Ус, Уюк Кедр, көк карагай ж-а карагайлуу күӊүрт ийне жалбырактуу тайга ландшафты басымдуу; анын жогорку чегине жакын (1500–1800 м бийиктикте) кедр ж-а кызыл карагайлуу сейрек токой өсөт. Кырка тоолордун түш. капталдарын тоо-токойлуу талаа, түш. каптал экспозицияларын талаа өсүмдүктөрү, түн. каптал экспозицияларын кызыл карагайлуу парк токою ээлейт. Бийик тоолорго тоо тундрасы, субальп ж-а альп шалбаасы, корумдар мүнөздүү. Б. С. аркылуу Абакан – Кызыл (Ус жолу) ж-а Абаза – Ак-Довурак автомобиль жолдору өтөт.