БАТЫШ СИБИРЬ ТҮЗДҮГҮ
БАТЫШ СИБИ́РЬ ТҮЗДҮГҮ , Б а т ы ш С и б и р ь о й д у ӊ у – Жер шарындагы эӊ ири аккумуляциялык түздүктөрдүн бири. Сибирдин басымдуу бөлүгүн ээлеп, түндүктөн Кара (Карск) деӊизи, түштүктөн Казак Сар-Аркасы ж-а Алтай тоолорунун этектери, батыштан Урал, чыгыштан Орто Сибирь бөксө тоосу м-н чектешет. Аянты 3 млн км2дей. Жеринин бети өтө жайпаӊ, бир аз күдүрлүү, деӊиз деӊг. бийикт. 50 мден 300 мге чейин. Морена дөбөлөрү ж-а жалчалары бар эки суу аралыгындагы кенен түздүктөр мүнөздүү (Васюган түздүгү, Бараба, Ишим, Кулунду талаалары ж. б.). Анча чоӊ эмес дөӊсөөлөр (Обь платосу, Сибирь жалчалары) кездешет. Тектон. негизин Батыш Сибирь плитасы түзүп, үстүн деӊиздик ж-а континенттик борпоӊ чөкмө тектердин калыӊ катмары жаап жатат. Нефть ж-а табигый газдын пайда болушу ошол чөкмө тектерге байланыштуу (Батыш Сибирь нефть-газ аймагы бар). Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –28°Сден –16°Сге чейин, июлдуку 4–22°С. Жылдык жаан-чачыны тундра ж-а талаа зоналарында 200 ммден токой зонасында 600 ммге чейин. Аймагында 2000ден ашык дарыя бар; алардын эӊ ирилеринде (Обь, Иртыш, Енисей) кеме жүрөт, сал агызылат. Көлү көп (Чаны, Уба ж. б.), а. и. туздуу ж-а ачуу туздуулары да бар. Түн. бөлүгүн түбөлүк тоӊ текши каптабагандыктан, саздардын пайда болушуна шарт түзүлөт. Б. С. т-ндө ландшафттын кеӊдик зоналуулугу даана байкалат. Түн. бөлүгүн тундра ж-а токойлуу тундра зоналары ээлейт; аймагынын көп бөлүгү токой зонасына кирет, аны карагай, көк карагай, кедр, мырза карагай, сибирь кызыл карагайы, о. эле байтерек-кайыӊ токойлуу саз, тайга каптап жатат. Түш. бөлүгүн токойлуу талаа, талаа ээлеп, көп жери айдалган. Зоналарынын көбүнө саздуу, шортоӊ жерлер мүнөздүү.
Ад.: Михайлов Н. И. Сибирь. М., 1956; Гвоздецкий Н. А., Михайлов Н. И. Физическая география СССР. Азиатская часть. М., 1970; Давыдова М. И. и др. Физическая география СССР. Азиатская часть СССР. М., 1990.
Г. Бакасова.