БАТЫШ УЮН-ТӨР МӨӉГҮСҮ
БАТЫШ УЮН-ТӨР МӨӉГҮСҮ – Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөӊгү. Ысык-Көлдүн куймасы Каракол суусунун алабында жайгашкан. Уз. 4,9 км, аянты 5,6 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 5280 м, этеги 3430 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3720 м. Абляция обл-нун аянты 2,8 км2. Мөӊгү татаал куралуу обл-на ээ, ал эми анын «тили» ортонку морена аркылуу теӊ экиге бөлүнгөн. Мөӊгүнүн ортонку бөлүгүнүн бети туура кеткен жаракалар м-н тилмеленген. Чыгыш Уюн-Төр мөӊгүсү жаткан өрөөнгө чейин жетип, зор морена жалчасына такалат ж-а узун шынаа сымал негизги өрөөндү көздөй бурулат. Сол капталында асылма майда мөӊгүлөр жайгашып, этектери туурасынан кеткен жаракаларга бөлүнгөн. Мөӊгүдөн Каракол суусунун сол курамы – Уюн-Төр суусу башталат.