БАФФИН ДЕӉИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́ФФИН ДЕӉИЗИ – Түн. Муз океандагы жарым-жартылай туюк деӊиз. Гренландия а. м-н Канадалык Арктика архипелагынын аралыгында. Дейвис кысыгы аркылуу Атлантика океаны м-н кошулат. Аянты 530 миӊ км2. Эӊ тереӊ жери 2414 м. Суунун темп-расы жайында 4–5°Сден 0°Сге чейин, кышында –1°Сден төмөн. Жылдын көп мезгилинде муз каптап жатат, айсберг көп. Туздуулугу 30–34‰. Суткасына эки жолу ташкындайт (4 мге чейин). Балык (треска, сельдь ж. б.) кармалат. Англ. уюл изилдөөчү У. Баффиндин ысмынан аталган.