БАХ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАХ Иоганн Себастьян (21. 3. 1685, Эйзанах – 28. 7. 1750, Лейпциг) – барокко доорундагы көрүнүктүү немец музыканты, немец композитору, органист, скрипач, клавесинчи, капельмейстер, педагог. Ал бардык мезгилдердин улуу композиторлорунун бири. Ордруфта (1965–1700), Люнебургда (1700–03) окуган. Анын музыкасынын кадыры кийин гана билинген. Б. операдан башка жанрлардын баарында иштеп, 1000ден ашуун ар түрдүү муз. чыгармаларды жараткан. Орган, клавир, оркестр үчүн жазылган сюиталары, сонаталары, концерттери, фугалары бар. Белгилүү чыгармалары: «Матфейди эӊсөө», «Си-минор мессасы», «Магнификат», «Рождество ораториясы», «Пасха ораториясы» ж. б. Диний мазмунда болсо да Б-тын музыкасына полифония м-н гармониянын көркөм айкалышы, көркөм сүрөттөөнүн дааналыгы, филос. тереӊдик мүнөздүү. Лейпцигде 1950-жылдан бери ар 4 жылда Бах атн. эл аралык конкурс өткөрүлүп турат.