БАШ АЙЛАНУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ АЙЛАНУУ – айлана-чөйрөнүн же өз денесинин айланкөчөк болуп ордунан жылгандай сезилиши ж-а теӊ салмактуулуктун бузулушу. Бейтапка буюмдар айлангандай, там кулачудай көрүнөт, басканда темтеӊдейт; кускусу келет, өӊү кубарып, тамыры жай согот. Б. а. дененин теӊ салмактуулугун сактаган ички кулактагы вестибулярдык аппараттын бузулуусунан болот. Дени соо адам дене абалын кескин өзгөрткөндө, бийиктикте иштегенде, деӊизде чайпалганда, гипертония ооруларында, мээ чайкалганда, алкоголь, никотин, ис газы м-н ууланганда Б. а. байкалат.