БАШКАРУУ БАЙЛАНЫШЫ
БАШКАРУУ БАЙЛАНЫШЫ – синтаксистик байланыштын бир түрү. Сөз айкашынын багындыруучу түгөйү өзүнүн лексикалык-граммат. маанисине карай алдындагы багыныӊкы компонентти башкарып, аны барыш, табыш, жатыш же чыгыш жөндөмөлөрүнүн бирине келтирип байланышса, Б. б. болот. Б. б. жолу м-н зат атоочтон, ат атоочтон, эсептик сан атоочтон ж-а затташып кеткен башка сөздөрдөн (сын атооч, атоочтун, сан атоочтун айрым түрлөрү ж. б.) турган багыныӊкы компоненттер байланышат. Андай багыныӊкы компоненттерди көбүнчө этиштен, кээде айрым атооч сөздөрдөн турган багындыруучу компоненттер башкарат.