БАШКЫ РЕДАКТОР
БАШКЫ РЕДА́КТОР – гезит, журнал ж. б. басма редакцияларында, радио ж-а телеберүү каналдарында, көп томдуу басылмаларды (мис., сөздүк, энциклопедия ж. б.) чыгаруучу мекемелерде адабий-чыг-лык, өндүрүштүк-уюштуруучулук иштерди башкаруучу жооптуу кызматкер. Б. р. Басма сөз органы м-н басманын бүтүндөй редакциялык саясатын аныктап, алардын күндөлүк чыг-лык иштерине түздөн-түз жетекчилик жүргүзөт; редакциялык коллегия (гезит, журналда) м-н редакциялык кеӊештин (басмада) иштерине багыт берип турат. Б. р. редакциянын ишин пландаштырууга, кадрлар саясатына, финансы-чарбалык абалына, басылмалардын белгиленген мөөнөттө чыгуусуна, ага жазылууну уюштурууга ж-а таркатууга жооп берет.