БАШ СӨӨК
БАШ СӨӨК – кишинин ж-а омурткалуу жаныбарлардын баш скелети. Ал бири-бири м-н тыгыз жиктелген 23 сөөктөн, о. эле мээ ж-а бет бөлүгүнөн турат. Мээ бөлүгүнүн сөөктөрү бири бири м-н тыгыз биригип, мээ көӊдөйүн түзөт. Анда мээ, ички угуу

4 – кулак тешиги; 5 – чыкый сөөгүнүн упчу сымал урчугу; 6 – астыӊкы жаак;
7 – үстүӊкү жаак; 8 – чыкчыт сөөк; 9 – көз чарасы; 10 – мурун сөөгү; 11 – маӊдай сөөгү,
б – баш сөөгүнүн ички бети: 1 – баш сөөгүнүн алдыӊкы чуӊкурчасы;
2 – түпкү сөөк; 3 – баш сөөгүнүн ортоӊку чуӊкурчасы; 4 – чыкый сөөгү;
5 – чыкый сөөгүнүн пирамидасы; 6 – кежигенин чоӊ тешиги;
7 – баш сөөгүнүн арткы чуӊкурчасы; 8 – түрк ээрчеси; 9 –торчо сөөктүн пластинкасы.
ж-а теӊ салмакты сактоочу органдар жайгашкан. Ал маӊдай, төбө, желке, чыкый, кыйык, калбыр сөөктөрүнөн турат. Бул сөөктөрдө көп каналдар, тешиктер бар. Алар аркылуу көрүү, жыт сезүү, үч ача, бет, угуу, адашкан нерв ж-а артерия, вена кан тамырлары өтөт. Чыкый сөөгүнүн ичинде угуу органдары, негизги сөөктүн үстүндөгү ээр сымал чуӊкурда мээнин гипофиз бези жайгашат. Желке сөөгүнүн чоӊ тешиги аркылуу сүйрү мээ жүлүнгө өтөт. Ымыркай баланын башында жука кабык м-н капталган «эмгеги» болот. Мээ сөөктөрү ички ж-а сырткы катмардан турат. Алардын ортосунда жумшак кемик сөөктөр болот. Б. с-түн бет бөлүгүнө маӊдай, үстүӊкү ж-а астыӊкы жаак, мурун ж-а чыкый сөөктөрү кирет. Алар бири-бири м-н туташып, көз чарасы, мурун ж-а ооз көӊдөйүн түзүүгө катышат. Үстүнкү жаактын тиш кырында кырка тизилип, үстүӊкү тиштер жайгашкан. Астыӊкы жаак иймек келип, үстүӊкү жаак м-н кулак алдындагы жаак-чыкый мууну аркылуу туташат. Адамдын башы желке сөөгү аркылуу ооз омуртка (атлант) м-н туташып оӊго, солго, өйдө ж-а ылдый кыймылга келет.