БАШТАЛГЫЧ МЕРИДИАН
БАШТАЛГЫЧ МЕРИДИА́Н, н ө л м е р и д и а н ы – жер меридианы; андан батышка ж-а чыгышка карай градустар м-н эсептөө жүргүзүлөт. Эл аралык келишим б-ча Гринвич обсерваториясын кесип өткөн меридиан башталгыч меридиан деп кабыл алынган.