БАЯН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЯ́Н (байыркы атактуу орус ырчы-жамакчысы Баяндын – Бояндын атынан) – клавишалуу-пневматикалык муз. аспап. Алгачкы хроматикалык гармонь – Б. 1870-ж. тулалык Н. Белобородов тарабынан жасалган. Б. деген азыркы мезгилдеги түшүнүктү уста П. Е. Стерлигов ж-а кыякчы Я. Ф. Орланский-Титаренко (1907) киргизген. Өркүндөтүлгөн төрт катарлуу хроматикалык гармониканын оӊ жагында

52 топчу, сол жагында 5 катар топчу (ар биринде 20дан) бар. 20-кдын башында Россияда В. П. Хегстрем, Н. З. Синицкий да Б. жасоонун чеберлери болгон. Б. – эӊ кеӊири тараган орус эл аспабы. Жеке да, ансамблде да ойнолот, о. эле ырды коштойт. Азыркы мезгилде көп сандаган баянчылар ансамблдери бар. Кырг-ндын бир катар муз. окуу жайларында Б. сабагы өтүлөт.