БЕГАБАТ
БЕГАБАТ, Б е ш б а н г и – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Сайпидин Атабеков айыл округуна караштуу. Райондун борбору Сузак кыш-нан 16 км түш.-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 12 км. Деӊиз деӊг. 720 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 7850 (2009); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Эки орто мектеп, бала бакча, оорукана, бейтапкана, дарыкана, мад-т үйү, китепкана, соода комплекси, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү ж-а комплекстүү кабыл алуу пункту бар.