БЕГОНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕГО́НИЯ (Веgonia) – өсүмдүктөрдүн бегониялар тукумунун уруусу. Жоон тамырлуу, көп жылдык чөп өсүмдүгү, кээси бадал же лиана сымал. Сабагы түз, төшөлүп же жармашып өсөт. Жалбырагы жөнөкөй, кезектешип жайгашкан. Айрым түрүнүн жалбырагы темгилдүү. Гүлү бир жыныстуу, мөмөсү – кутуча, уругу абдан майда. 900дөй түрү белгилүү. Көбүнчө тропик ж-а субтропикте (Австралиядан башка) өсөт. КМШ өлкөлөрүндө гүлү ж-а жалбырагы кооз түрлөрү – рекс, чаар Б-лар ж. б. оранжереяда, үйдө, гүлзарларда, Кырг-нда Креднер, Марта, Бисмарк сорттору өстүрүлөт. Сабак, жалбырак калемчелери ж-а уругунан көбөйтүлөт.