БЕДЕ ЫЛАӉЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕДЕ ЫЛАӉЫ – жылбырска же уй бедени күн ачыкта мал оттогондо, күн нурунун кесепетинен тийген дарт. Ылаӊдаган малдын терисинин пигментсиз, ак жүндүү же такыр жери сезгенип, шишип кетет. Шишиктин үстү кээде исиркектенип, сары суу агып турат. Ак козу-улактардын кээсинин кулагы чирип түшөт. Ылаӊ оорураак болсо, кай бир учурда жылкыны да өлүмгө дуушар кылат. Мындан сактануу үчүн ылаӊдын биринчи эле белгилери шек бергенде, уй беделүү шалбаага мал жаюуну же чабынды чөбүн берүүнү токтотуп, шектүүлөрүн көлөкөгө байлап, терисинин пигментсиз жерине майлуу көө шыбоо керек.