БЕЖАР
БЕЖА́Р Морис (чыныгы аты-жөнү – М о р и с Ж а н Б е р ж е) (1. 1. 1927, Марсель 22.11.2007, Лозанна, Швейцария) – фр. балет артисти, хореограф, режиссёр, педагог. Франциядагы көркөм иск-во академиясынын мүчөсү (1994). Философ Г. Берженин (1896–1960) уулу. 1941-жылдан классикалык бийди үйрөнгөн, Марсель операсында (1944), «Балле де Пари» (1947–49, Париж), Лондондо ж-а Стокгольмдо (1952) иштеген. Б. Парижде өзү түзгөн «Балле романтик» (1953), «Балле де л’Этуаль» (1954–57) ж-а «Балле театр де Пари» (1967–60) труппаларын жетектеген. Б. Бартоктун музыкасына «Үчөө үчүн соната» (1957), П. Анринин музыкасына «Орфей» (1959) балеттерин алгачкылардан

болуп койгон. Б-ды дүйнөгө тааныткан И. Ф. Стравинскийдин «Ыйык жаз» балети (1959) «Ла Монне» театры, «Уэстерн тиэтр балленин» катышуусу м-н болгон. Анда Б. бийдин ритуалдык, ырым-жырымдык мүнөзү, хореография жогорку даражага жеткен. 1960–87-ж. «20-кылымдын балети» (Брюссель), 1987-ж. швец. «Балле Бежар Лозанн» труппаларын жетектейт. 1992-жылдан труппа «Бежар балле Лозанн» аталган. Б. спектаклдеринде «Тогузунчу симфония» (Л. Ван Бетховен, 1964), «Биздин мезгилдегидей месса» (П. Анри, 1967), «Биздин Фауст» (И. С. Бах ж-а «Аргентина тангосу» (1975), «Король Лир – Просперо» (Г. Пёрселл, 1994) сыяктуу муз. чыгармаларды пайдаланган. «Тереза эне жана дүйнө балдары» (2002), «Заратустра» (2002) тандалма музыкага жазылган. Б. сүйүү ж-а өлүм темасына арналган «Ромео жана Жульетта» (музыкасы Г. Берлиоздуку, 1966), «Балким бул Ажал» (музыкасы Р. Штраустуку, 1970), «Мага сүйүү эмнени билдирди» (музыкасы Г. Малердики, 1974) ж. б. балеттерин койгон. Б. бийдин лексикасынын жанданышына чоӊ таасир берген, хореографияны өркүндөтүүдө татаал муктаждыктарды чече билген. «Мудра» (1970–87, Брюссель) ж-а «Рудра Бежар Лозанн» (1992, Лозанна) мектеп-студиясынын түзүүчү жетекчиси болгон. Б. бийдин лексикасынын жанданышына чоӊ таасир берип, хореографиянын мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтип, анын татаал турмуштук проблемаларды чагылдыра аларын көрсөткөн.
Н. Жылдызова.