БЕЗБЕЛДЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЗБЕЛДЕК (Оtis tetrax) – тоодактар уруусуна кирүүчү канаттуу. Дене уз. 40 см, салм. 800 гга чейин. Жону чаар болуп, кумдак, чөптүү жерде жашырынуусуна ыӊгайлуу. Эркегинин моюну жазында агала кара түстө. Б. мындан 40–50 жыл мурда О. Азия ж-а Казакстан мейкиндиктеринде көп таралган. Азыр Кырг-нда бул түр сейрек учурайт. Жайлоодо (Суусамыр, Кара-Кужур, Ысык-Көл, Чүй, Талас), бөксө тоолордо, ойдуӊда ж-а өрөөндөрдө жашайт. Жылына 3–4, чанда 11 жумуртка тууйт. Өсүмдүк бутактары, жалбырак, курт-кумурска, кескелдириктер м-н азыктанат. Б. байырлаган дыӊ жерлер айдалып, сугарылып ж-а мергенчилик көбөйгөндүктөн, саны азайып кеткен. Бул түр өзгөчө коргоого алынып, жок болуп бара жаткан жаныбарлардын тизмесине киргизилген.