БЕЗУ ТЕОРЕМАСЫ
БЕЗУ́ ТЕОРЕМАСЫ – көп мүчөнү сызыктуу эки мүчөгө бөлүү ж-дөгү теорема. f(x)=a0xn + a1xn–1+... ... + a1xn + a1xn–1көп мүчөсүн х–а эки мүчөсүнө бөлгөндө f(a) калдык калат. Көп мүчөлөрдүн коэфф-терин 1 саны бар кандайдыр коммутативдик алкактын элементтери деп эсептесе болот, мис., чыныгы же комплекстүү сандар талаасы. Бул теореманын натыйжасы: а саны f(x) көп мүчөсүнүн тамыры болушу үчүн f(x) көп мүчөсү х–а биномуна калдыксыз бөлүнүшү керек.