БЕЙБУТОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙБУТОВ Рашид Межид оглы [1(14). 12. 1915, Тифлис – 9. 6. 1989, Москва] – азербайжан ырчысы (тенор), коомдук ишмер, СССР эл арт. (1959), Грузин ССР иск-восуна эмг. сиӊ. ишмер (1986), Соц. Эмг. Баатыры (1980). Б. Тбилисиде Д. Я. Андгуладзеден ырдоо б-ча сабак алган. Будапешттеги Бүткүл дүйнөлүк конкурста 1-сыйл. ээ болгон (1948). 1944–56-ж. Баку филармониясынын, 1953–60-ж. Азербайжан опера ж-а балет театрынын солисти. Көрүнүктүү партиялары: Аскер (У. Гажибеков, «Аршин мал алан»), Балаш (Ф. Амиров, «Севиль»). Азербайжан мамл. Концерттик ансамблинин уюштуруучусу (1956) ж-а көркөм жетекчиси. 1966-ж. Ыр

театрын уюштурган ж-а өмүрүнүн акырына чейин ошол театрда көркөм жетекчи ж-а солист болгон. Көп өлкөлөрдө азербайжан элдик ырларын, дүйнө элдеринин ырларын аткарып, гастролдордо болгон. Б. киного да тартылган («Аршин мал алан», 1945; СССР мамл. сыйл, 1946). «Алыскы Индияда» (1952) китебинин автору. Кызы Рашида Ханум Б е й б у т о в а (3.11.1958-ж.т., Баку) – пианистка, ырчы (меццо-сопрано), 1985-жылдан Бейбутов атн. Азербайжан ыр театрынын солисткасы.