БЕЙИТ БЕЛГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:02, 29 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙИТ БЕЛГИ – өлгөн адамды эскерүү үчүн бейит үстүнө коюлган арх-ралык же скульптуралык чыгарма. Б. б. мазмуну ж-а формасы жагынан ар кайсы элде ар түрдүүчө болот. Б. б. түрдүү курулуш материалдарынан жасалат. Көрүнүктүү мамл. ишмерлерге, окумуштууларга, Ата Мекенди коргоочуларга ж. б. инсандарга арнап ар түрдүү Б. б-лери (мавзолей, бюст же жөн эле такта) тургузулат.