«БОЛЬШАЯ СОВЕТСКАЯ ЭНЦИКЛОПЕДИЯ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:10, 3 Апрель (Чын куран) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БОЛЬША́Я СОВЕ́ТСКАЯ ЭНЦИКЛОПЕ́ДИЯ» (БСЭ) – дүйнөлүк универсалдуу ири энциклопедиялардын бири. Москвадагы «Советская энциклопедия» басмасынан чыгарылган. БСЭнин 65 томдуу 1-басылышы 1926–47-жылы жарык көргөн. Башкы редактору О. Шмидт (1941-жылга чейин). 2-басылышы 1949–58-жылдар, 51 том (51-тому кошумча), башкы редактору С. Вавилов (1951-жылга чейин), Б. Введенский (1951-жыл). 1957-жылдан БСЭнин «Ежегодниктери» чыга баштаган. 30 томдук 3-басылышы 1969–78-жылдары жарык көргөн; башкы редактору А. М. Прохоров (1969–78-жылдар). Энциклопедиянын чыгарылышына илимий мекемелер, илим-изилдөө институттары, ЖОЖдор, чыгармачыл уюмдар, дүйнөнүн 50гө жакын өлкөлөрүнүн окумуштуулары, коомдук жана саясий ишмерлери катышкан. БСЭнин 3-басылышы АКШда, Грекияда, Италияда которулуп чыккан. 2005-жылдан ошол эле басмадан «Большая Российская Энциклопедия» (БРЭ) көп томдугу басылып чыгууда., к. Большая Российская энциклопедия.